# 122-статья. Коммандиттик шериктештик жөнүндө негизги жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 127 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам венчурного финансирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050033)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=57499..57538>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 122-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-122

---

1. Катышуучулар менен катар шериктештиктин атынан ээлик кылуу ишмердигин жүргүзүүчү жана өзүнүн бардык мүлкү (толук шериктери) менен шериктиктин милдеттенмелери боюнча жооп берүүчү, шериктиктин ишмердигине байланыштуу өздөрү кошкон салымдардын чектериндеги чыгымдардын тобокелин көтөрүшкөн жана шериктиктин ээлик кылуу ишмердигин жүзөгө ашырууга катышпаган бир же бир нече катышуучулары (салым кошуучулары, коммандиттисттери) бар шериктештик коммандиттик шериктештик деп таанылат.

2. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигине катышуучу толук шериктерден тышкары, коммандиттик шериктештикке катышуучу толук шериктердин укуктук абалы жана шериктештиктин милдеттенмелери боюнча алардын жоопкерчилиги ушул Кодекстин толук шериктештиктин катышуучулары жөнүндөгү эрежелери менен аныкталат.

3. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигиндеги толук шериктерди кошпогондо, жак бир гана коммандиттик шериктештикте толук шериктеш боло алат.

Толук шериктештиктин катышуучусу коммандиттик шериктештикте толук шериктеш боло албайт. Коммандиттик шериктештеги толук шериктеш ошол эле шериктештикте салым кошуучу жана толук шериктештиктин катышуучусу боло албайт.

4. Коммандиттик шериктештиктин фирмалык аталышы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

бардык толук шериктештердин атын (аталышын), ошондой эле "коммандиттик шериктештик" деген сөздөрдү же бирден кем эмес толук шериктештин атын (аталышын) "жана компания", ошондой эле "коммандиттик шериктештик" деген сөздөрдү. Эгерде коммандиттик шериктештиктин аталышына салым кошуучунун аты кирсе, анда мындай салым кошуучу толук шериктеш болуп калат.

5. Ушул Кодекстин коммандиттик шериктештик жөнүндөгү жоболоруна карама-каршы келбегендиктен, коммандиттик шериктештиктерге карата ушул Кодекстин толук шериктештиктер жөнүндөгү эрежелери колдонулат.

6. Венчурдук фонддордун ишинин максаттары үчүн венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиктери түзүлүшү мүмкүн. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигине ушул Кодекстин толук шериктештик жөнүндө эрежелери, ошондой эле коммандиттик шериктештик жөнүндө негизги эрежелери колдонулбайт. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиктерин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [121-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-121)  
Кийинки берене: [123-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-123)
