# 121-статья. Катышуучунун толук шериктештиктен чыккандагы эсептешүүлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263333..1263334>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 121-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-121

---

1. Толук шериктештиктен чыккан же андан чыгарылган катышуучуга, эгерде уюштуруу документтеринде башка белгиленбесе, уставдык капиталдагы бул катышуучунун үлүшүнө туура келүүчү шериктештиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы төлөнүп берилет. Чыгып жаткан катышуучунун калган башка катышуучулар менен макулдашуусу боюнча мүлктүн наркынын төлөнүшү мүлктү натуралай берүү менен алмаштырылышы мүмкүн.

Шериктештикке катышкан юридикалык жакты жоюу учурунда эсептешүүлөр тийиштүү жоюу комиссиясы (жоюучу) аркылуу жүргүзүлөт. Ушул Кодекстин 116-статьясында белгиленден башка учурларда чыгып жаткан катышуучунун шериктештин мүлкүндөгү үлүшү же анын наркы чыгып жаткан учурга карата түзүлгөн баланс боюнча аныкталат.

2. Толук шериктештиктин шериктештикке кирбеген мураскору же анын катышуучусу болгон юридикалык жактын укук мурасчысы менен эсептешүүлөрү ушул статьянын 1-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.

3. Катышуучулардын бири шериктештиктен чыкса, эгерде уюштуруу документтеринде же катышуучулардын макулдашуусунда башка каралбаса, калган катышуучулардын шериктештиктин уставдык капиталдагы үлүшү пропорционалдуу түрдө өсөт.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3. Коммандиттик шериктештик

---

Мурунку берене: [120-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-120)  
Кийинки берене: [122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-122)
