# 120-статья. Толук шериктештиктин жоюлушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 1997 года №76 "О внесении изменений и дополнений в часть первую Гражданского кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/576)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263286..1263287>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 120-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-120

---

Толук шериктештик ушул Кодекстин 96, 100-статьясында белгиленген негиздер боюнча, ошондой эле шериктештиктин жалгыз бир гана катышуучусу калганда жоюлат. Акыркы шериктештикте өзү жалгыз катышуучу болуп калган учурдан тартып алты айдын ичинде мындай шериктештикти ушул Кодексте белгиленген тартипте чарбалык коомго өзгөртүп түзүүгө укуктуу. Шериктештиктин кайсы бир мүчөсү андан чыкканда же өлүп калганда, катышуучулардын бири шериктештиктен чыгарылганда, шериктештикке катышуучу болгон юридикалык жак жоюлганда же катышуучулардын биринин кредиторлору уставдык фонддогу анын үлүшүнө тийиш болгон мүлктүн бөлүгүнө өндүрүп алуу менен кайрылганда, шериктештиктин уюштуруу документтери менен же калган катышуучулардын макулдугу менен бул белгиленген болсо, шериктештик өз ишмердигин уланта алат. (Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [119-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-119)  
Кийинки берене: [121-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-121)
