# 118-статья. Катышуучуну толук шериктештиктен чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 118-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-118

---

1. Толук шериктештиштин катышуучуларынын биринин дайынсыз жок болушу, аракетке жөндөмсүздүгү же аракетке жөндөмдүүлүгүнүн чектелгендиги таанылган учурда ал шериктештиктин калган катышуучуларынын бир добуштан кабыл алган чечими боюнча шериктештиктен чыгарылышы мүмкүн. Ушундай эле тартипте шериктештиктен анын катышуучусу болгон юридикалык жак, эгерде ага карата соттун чечими менен кайра түзүү процедуралары ачылган болсо, чыгарылышы мүмкүн.

2. Толук шериктештиктин катышуучулары анын кайсы бир катышуучусун жүйөөлүү себептер болгон учурда, атап айтканда, ал өз милдеттерин одоно бузса же ишти акыл-эстүүлүк менен алып барууга өзүнүн жөндөмсүздүгүн көрсөтсө, калган катышуучулардын бир добуштан кабыл алган чечиминин негизинде сот аркылуу анын шериктештиктен чыгарылышын талап кылууга укуктуу.

3. Катышуучунун шериктештиктен чыгарылышы анын шериктештикке катышуусун токтотот жана ал үчүн ушул Кодекстин 114-статьясынын 3-пунктунда белгиленген натыйжаларды алып келет.

---

Мурунку берене: [117-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-117)  
Кийинки берене: [119-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-119)
