# 117-статья. Катышуучунун толук шериктештиктен чыгышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 117-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-117

---

1. Толук шериктештиктин катышуучусу шериктештикке катышуудан баш тарткандыгы тууралу билдирүү менен андан чыгууга укуктуу.

Мөөнөтү белгиленбестен түзүлгөн толук шериктештикке катышуудан баш тартуу жөнүндөгү билдирүү шериктештиктен анык чыгуудан кеминде алты ай мурда жасалууга тийиш. Белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн шериктештиктен мөөнөтүнөн мурда чыгууга жүйөөлүү себептер болгондо гана уруксат берилет.

2. Шериктештиктин катышуучуларынын ортосундагы шериктештиктен чыгуу укугунан баш тартуу жөнүндөгү макулдашуу жокко эсе.

---

Мурунку берене: [116-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-116)  
Кийинки берене: [118-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-118)
