# 116-статья. Толук шериктештиктин мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүнө өндүрүп алуунун кайрылышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263333..1263334>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 116-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-116

---

Толук шериктештиктин мүлкүндөгү катышуучунун үлүшүнө анын шериктештикке катышууга байланышпаган карызы (жекече карызы) боюнча өндүрүп алуунун кайрылышына бул катышуучунун башка мүлкү карыздарын жабуу үчүн жетишсиз болгон учурда гана жол берилет. Мындай катышуучунун кредиторлору толук шериктештиктен шериктештиктин мүлкүнүн карызкордун уставдык капиталдагы үлүшүнө туура келүүчү бөлүгүнүн наркын төлөп берүүнү же мүлктүн бул бөлүгүн ага өндүрүп алууну кайруу үчүн бөлүп коюуну талап кылууга укуктуу. Шериктештиктин мүлкүнүн бөлүп коюуга тийиш болгон бөлүгү же анын наркы кредиторлор талап койгон учурга карата түзүлгөн баланс боюнча аныкталат. Толук шериктештиктин мүлкүндөгү бардык үлүшүнө өндүрүп алуунун кайрылышы анын шериктештикке катышуусун токтотот жана ага ушул Кодекстин 114-статьясынын 3-пунктунда белгиленген натыйжаларды алып келет. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [115-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-115)  
Кийинки берене: [117-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-117)
