# 114-статья. Толук шериктештиктин катышуучуларынын анын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 114-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-114

---

1. Толук шериктештиктин катышуучулары шериктештиктин милдеттенмелери боюнча өздөрүнүн бардык мүлкү менен өз ара субсидардык жоопкерчиликти тилектештик менен көтөрөт.

2. Анын уюштуруучусу болбогон толук шериктештиктин катышуучусу өзү шериктештикке кире электен мурда пайда болгон милдеттенмелер боюнча да башка катышуучулар менен бирдей жоопкерчиликти көтөрөт.

3. Шериктештиктен чыккан катышуучу шериктештиктин өзү андан чыкканга чейин пайда болгон милдеттенмелери боюнча ал шериктештиктен чыккан жыл үчүн шериктештиктин ишмердиги боюнча отчет бекитилгенден кийинки эки жыл бою калган катышуучулар менен бирдей жоопкерчиликти көтөрөт.

4. Шериктештиктин катышуучуларынын ушул статьяда белгиленген жоопкерчиликти алып салууга же чектөөгө карата болгон макулдашуусу жокко эсе.

---

Мурунку берене: [113-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-113)  
Кийинки берене: [115-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-115)
