# 113-статья. Толук шериктештиктин пайдасын жана чыгымдарын бөлүштүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 113-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-113

---

1. Толук шериктештиктин пайдасы жана чыгымдары анын катышуучуларынын ортосунда, эгерде уюштуруу келишиминде же катышуучулардын башка макулдашууларында башка белгиленбесе, алардын уставдык капиталдагы үлүшүнө пропорционалдуу түрдө бөлүштүрүлөт. Шериктештиктин кайсы-бир мүчөсүн пайдага же чыгымдарга катышуудан четтетүү жөнүндө макулдашууга жол берилбейт.

2. Эгерде шериктештиктин тарткан зыяндарынан улам анын таза активдеринин наркы уставдык капиталынан аз болуп калса, шериктештик тапкан пайда анын таза активдеринин наркы уставдык капиталдын өлчөмүнөн ашмайынча катышуучулар ортосунда бөлүштүрүлбөйт.

---

Мурунку берене: [112-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-112)  
Кийинки берене: [114-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-114)
