# 112-статья. Толук шериктештиктин катышуучусунун милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 112-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-112

---

1. Толук шериктештиктин катышуучусу анын ишине уюштуруу келишиминин шарттарына ылайык катышууга милдеттүү.

2. Толук шериктештиктин катышуучусу өзүнүн салымынын кеминде 30 процентин шериктештик катталган учурга карата анын уставдык капиталына төгүүгө милдеттүү. Калган бөлүгү катышуучу тарабынан уюштуруу келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө төгүлүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн милдеттер аткарылбаган учурда, эгерде уюштуруу келишимиңде башка белгиленбесе, катышуучу шериктештикке келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

3. Толук шериктештиктин катышуучусу калган катышуучулардын макулдугусуз өзүнүн атынан жана өзүнүн таламдарында же үчүнчү жактардын таламдарында шериктештиктин ишмердигинин предметин түзгөн нерселерге тектеш бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.

Бул эреже бузулган учурда шериктештик өзүнүн тандоосу боюнча мындай катышуучудан шериктештикке келтирилген зыяндардын ордун толтурууну, же мындай бүтүмдөр боюнча алынган бүткүл пайданы шериктештикке өткөрүп берүүнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-111)  
Кийинки берене: [113-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-113)
