# 110-статья. Толук шериктештиктеги башкаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 110-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-110

---

1. Толук шериктештиктин ишмердигин башкаруу бардык катышуучулардын жалпы макулдугу боюнча жүргүзүлөт. Шериктештиктин уюштуруу келишиминде чечим катышуучулардын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынуучу учурлар каралышы мүмкүн.

2. Эгерде уюштуруу келишиминде анын катышуучуларынын добушун эсепке алуунун башка тартиби белгиленбесе, толук шериктештиктин ар бир катышуучусу бирден добушка ээ болот.

3. Шериктештиктин ар бир катышуучусу, жалпы иштерди алып барууга ага ыйгарым укук берилгендигине же берилбегендигине карабастан, шериктештиктин ишин алып баруу боюнча бардык документтер менен таанышып чыгууга укуктуу. Бул укуктан баш тартуу же аны чектөө, анын ичинде шериктештиктин катышуучуларынын макулдугу менен баш тартуу же ага чек коюу, жокко эсе.

---

Мурунку берене: [109-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-109)  
Кийинки берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-111)
