# 11-статья. Граждандык укуктарды коргоонун ыкмалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 11-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-11

---

Граждандык укуктарды коргоо:

1) укукту таануу;

2) укук бузулганга чейин болгон абалды калыбына келтирүү;

3) укукту бузган же аны бузууга коркунуч түзгөн аракеттерге бөгөт коюу;

4) бүтүмдү жараксыз деп табуу жана анын жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу;

5) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын актысын жараксыз деп табуу;

6) граждандык укуктарды өз алдынча коргоо;

7) милдеттенмелерди натуралай түрдө аткарууга мажбурлоо;

8) зыяндардын ордун толтуруу,

9) айып төлөмүн өндүрүү;

10) моралдык зыянды компенсациялоо;

11) укуктук мамилелерди токтотуу же өзгөртүү;

12) сот тарабынан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын мыйзамга ылайык келбеген актысын колдонбоо;

13) мыйзамдарда каралган башка ыкмалар аркылуу жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-12)
