# 108-статья. Толук шериктештик жөнүндө негизги жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 108-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-108

---

1. Толук шериктештик катары катышуучулары (толук шериктештери) өздөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык шериктештиктин атынан ээлик кылуу ишкердигин жүргүзүп, анын милдеттенмелери боюнча ага таандык бүтүндөй мүлкү менен бири бирине тилектеш түрдө жооп беришкен шериктештик таанылат.

2. Жак бир гана толук шериктештиктин мүчөсү боло алат.

3. Толук шериктештиктин фирмалык аталышы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

анын бардык катышуучуларынын атын (аталышын), ошондой эле "толук шериктештик" деген сөздү, же бир же бир нече катышуучуларынын атын (аталышын) "жана компания", ошондой эле "толук шериктештик" деген сөздөрдү кошуу менен.

---

Мурунку берене: [107-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-107)  
Кийинки берене: [109-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-109)
