# 106-статья. Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 106-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-106

---

1. Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучулары төмөнкү укуктарга ээ:

ушул Кодекстин 124-статьясынын 2-пунктунда жана башка мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары шериктештиктин же коомдун ишин башкарууга катышууга; уюштуруу документтеринде белгиленген тартипте шериктештиктин же коомдун иш-аракети тууралу маалымат алууга жана анын бухгалтериялык китептери жана башка документтери менен таанышууга; пайданы бөлүштүрүүгө катышууга; шериктештик же коом жоюлган учурда кредиторлор менен эсептешкенден кийин калган мүлктүн бир бөлүгүн же анын наркын алууга. Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучулары ушул Кодексте, чарбалык шериктештиктер жана коомдор тууралу мыйзамдарда, шериктештиктин же коомдун уюштуруу документтеринде каралган башка укуктарга да ээ боло алат.

2. Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

уюштуруу документтеринде каралган тартипте, өлчөмдө, ыкмаларда жана мөөнөттө салым кошууга; шериктештиктин же коомдун ишмердиги жөнүндөгү жашырын маалыматты таратпоого. Чарбалык шериктештиктин жана коомдун катышуучулары анын уюштуруу документтеринде каралган башка милдеттерин да өздөрүнө ала алышат.

---

Мурунку берене: [105-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-105)  
Кийинки берене: [107-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-107)
