106-статья. Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-Глава
1. Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучулары төмөнкү укуктарга ээ:
ушул Кодекстин 124-статьясынын 2-пунктунда жана башка мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары шериктештиктин же коомдун ишин башкарууга катышууга; уюштуруу документтеринде белгиленген тартипте шериктештиктин же коомдун иш-аракети тууралу маалымат алууга жана анын бухгалтериялык китептери жана башка документтери менен таанышууга; пайданы бөлүштүрүүгө катышууга; шериктештик же коом жоюлган учурда кредиторлор менен эсептешкенден кийин калган мүлктүн бир бөлүгүн же анын наркын алууга. Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучулары ушул Кодексте, чарбалык шериктештиктер жана коомдор тууралу мыйзамдарда, шериктештиктин же коомдун уюштуруу документтеринде каралган башка укуктарга да ээ боло алат.
2. Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
уюштуруу документтеринде каралган тартипте, өлчөмдө, ыкмаларда жана мөөнөттө салым кошууга; шериктештиктин же коомдун ишмердиги жөнүндөгү жашырын маалыматты таратпоого. Чарбалык шериктештиктин жана коомдун катышуучулары анын уюштуруу документтеринде каралган башка милдеттерин да өздөрүнө ала алышат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
106-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-106" title="106-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>