# 104-статья. Юридикалык жакка таандык мүлккө карата ал жоюлгандан кийин өндүрүп алуунун кайрылышы. Акционерлердин (катышуучулардын), жетекчилердин жана мүлктүн кара ниет ээлеринин жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271); 17.02.2003 [Закон КР от 17 февраля 2003 года № 38 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1162); 15.10.1997 [Закон КР от 15 октября 1997 года №76 "О внесении изменений и дополнений в часть первую Гражданского кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/576)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263333..1263334>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 104-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-104

---

1. Эгерде юридикалык жак жоюлгандан кийин анын өз кредиторлорунун алдындагы жоопкерчилигинен качуу максатында өз мүлкүнүн жок дегенде бир бөлүгүн башка жакка өткөрүп бергендиги же башкача түрдө жашырып койгондугу далилденсе, анда өз талаптарын толугу менен канааттандыра албай калган кредиторлор жоюу иштеринин чектеринде бул мүлккө карата өздөрүнүн тындырылбай калган карыздары боюнча өндүрүп алуу менен кайрылууга укуктуу. Мында ушул Кодекстин 290, 291-статьяларынын эрежелери колдонулат. Мүлк берилген жак, эгерде ал юридикалык жактын бул мүлктү кредиторлордон жашырып коюуга карата ниетин билген болсо, карасанатайлык катары эсептелет.

2. Эгерде карызкордун банкроттугу иши начар карызкордун жетекчиси тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон тескемелерди берүү аркылуу юридикалык жакты контролдоого аларга мүмкүндүк берген акцияларга (үлүштөргө) ээ. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жана/же катышуучулардын аракеттеринен (аракетсиздигинен) келип чыкса, анда мүлк жетишсиз болгон учурда көрсөтүлгөн жактар коомдун милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартат.

Эгерде банкроттук жөнүндө мыйзамда жана анын негизинде кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда каралса, бул учурда администратор кредиторлор тарткан зыяндын ордун толтуруп берүү, мүлктү кайтаруу же алынган суммаларды төлөө жөнүндө талаптарды коюушу мүмкүн.

3. Сот карызкордун кредиторлорунун тарткан зыяндарынын ордун толтуруп берүү жөнүндө карызкордун катышуучуларына карата чечим кабыл алган учурда, сот ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөткө жана тартипте катышуучуну дисквалификациялоо жөнүндө маселени карап чыгууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 76 , 2003-жылдын 17-февралындагы № 38 , 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

§ 2. Чарбалык шериктештиктер жана коомдор

1. Жалпы жоболор

---

Мурунку берене: [103-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-103)  
Кийинки берене: [105-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-105)
