Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин « Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агентигин түзүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК КР Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ 2003-жылдын 17-июну ПЖ № 182 Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигин түзүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгынын, 2006-жылдын 12-январындагы ПЖ № 8 Жарлыгынын, 2006-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакцияларына ылайык) Баңгизатка каршы мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашыруу, баңгизат менен бизнес кылууга каршы күрөштү күчөтүү, баңгизатка контролдук чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ишин координациялоо максатында, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизаттар жана кылмыштар боюнча Башкармасынын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясын жана 46-статьясынын 1-пунктунун 10-пунктчасына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизатка контролдук боюнча мамлекеттик комиссиянын базасында - Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттиги түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарга контролдук боюнча агенттикттин штаттык саны тейлөөчү кызматкерлерди эсепке албаганда 258 бирдиктен белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-январындагы ПЖ № 8 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттиги жөнүндө" жобону, ошондой эле анын структурасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин;
- мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарынын Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук боюнча агентствосунун ишин кайталаган структуралык бөлүмдөрүн жоюу маселесин чечсин;
- Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинин ишин каржы, уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечсин;
- Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук агенттигинин ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (11)
- Распоряжение Правительства КР от 21 июля 2003 года № 421-рРаспоряжение · 21.07.2003 · № 421-р
- Распоряжение Правительства от 21 июля 2003 года №421-р (О передаче адм.здания)Распоряжение · 21.07.2003 · № 421-р
- Распоряжение Правительства КР от 8 июля 2004 года N 432-р (О принятии в государственную собственность здания)Распоряжение · 08.07.2004 · № 432
- Распоряжение Премьер-министра КР от 15 июля 2003 года №239 (Рабочей группе до 1 сентября 2003 года разработать и представить в установленном порядке в Правительство Кыргызской…Распоряжение · 15.07.2003 · № 239
- Указ Президента КР от 28 декабря 2000 года УП №363 "О реорганизации центральных органов государственного управления"Указ · 28.12.2000 · № 363 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери"Указ · 27.09.2010 · № 204 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Респубдликасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-сентябры, №583 "Кыргыз Республикасынын Баѕгизатка контролдук боюнча агентствосунун штаттык саны жөнүндј" токтомПостановление · 16.09.2003 · № 583 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-январындагы № 8 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарга контролдук кылуу боюнча…Указ · 12.01.2006 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы №385 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.07.2006 · № 385 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 20 октября 2003 года № 661 " О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики по вопросам контроля…Постановление · 20.10.2003 · № 661 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери"Указ · 27.09.2010 · № 204 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 15-июлундагы №385 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.07.2006 · № 385 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-августу №545 " Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук боюнча агенствосунун айрым маселелери жөнүндө"Постановление · 28.08.2003 · № 545 · Күчүн жоготкон