# Указ Президента КР от 15 мая 2003 года №150 "Об утверждении Положения об Общественном совете демократической безопасности"

- Актынын түрү: Указ
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.09.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/3987>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1666/edition/485984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/3987.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Указ Президента КР от 15 мая 2003 года №150 "Об утверждении Положения об Общественном совете демократической безопасности" (25.09.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/3987

---

КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2003-жылдын 15-майы ПЖ № 150 Демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңеши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңешинин натыйжалуу иштешин жана анын ачык иш-аракеттерин камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңеши жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандык коомдун өкүлдөрүнүн өнөктөштүк катышуусу менен Демократиялык коопсуздуктун коомдук кеңешине анын максат, милдеттерин турмушка ашырууга ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
