# КР Президентинин 2003-жылдын 6-апрелиндеги № 115 "Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2003-жылдын 6-апрелиндеги № 115 "Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 115
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/3978>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1657/edition/440410/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/3978.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2003-жылдын 6-апрелиндеги № 115 "Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жөнүндө" жарлыгы (12.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/3978

---

КР Президентинин 2011-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 255 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2003-жылдын 6-апрели ПУ № 115 Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жөнүндө Финансылык секторду структуралык жактан кайра курууну андан ары өнүктүрүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентство бардык укуктарды жана жеңилдиктерди сактап калуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентство (ДЕБРА) болуп кайра түзүлсүн.

2. Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентство (ДЕБРА) жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствонун (ДЕБРА) ишин камсыз кылуу боюнча уюштуруу маселелерин бир айлык мөөнөттө чечсин;

- өзүнүн мурдагы чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Акаев
