Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жөнүндө» жарлыгы
КР Президентинин 2011-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 255 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2003-жылдын 6-апрели ПУ № 115 Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жөнүндө Финансылык секторду структуралык жактан кайра курууну андан ары өнүктүрүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентство бардык укуктарды жана жеңилдиктерди сактап калуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентство (ДЕБРА) болуп кайра түзүлсүн.
2. Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентство (ДЕБРА) жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствонун (ДЕБРА) ишин камсыз кылуу боюнча уюштуруу маселелерин бир айлык мөөнөттө чечсин;
- өзүнүн мурдагы чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2011-жылдын 12-октябрындагы № 255 "Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиги (БКУКРА) жөнүндө Жобону бекитүү тууралу"жарлыгыУказ · 12.10.2011 · № 255
- Постановление Правительства КР от 8 июля 2003 года № 423 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 08.07.2003 · № 423 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- КР Президентинин 2011-жылдын 12-октябрындагы № 255 "Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиги (БКУКРА) жөнүндө Жобону бекитүү тууралу"жарлыгыУказ · 12.10.2011 · № 255
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.