# 5-берене. Ишкердиктин формалары

- Документ: [Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/397)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 1-февралындагы № 15 "Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-379/edition/821579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/397/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө, 5-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-5

---

Кыргыз Республикасында мыйзам чегинде жүргүзүлчү ишкердиктин бардык формаларына жол берилет. Ишкердик:

- жеке эмгектин негизинде;

- жалданма эмгекти пайдалануу менен;

- юридикалык жакты түзбөстөн;

- юридикалык жакты түзүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Ишкердиктин өзгөчө формалары болуп:

- ишкананы ал ишкананын мүлкүнүн менчик ээси менен түзүлгөн контракттын негизинде башкарган адам жүргүзгөн ишкердик иш;

- концессиялык келишимге жана комплекстүү ишкердик лицензияга (франчайзинг) негизделген ишкердик иш эсептелет.

Кыргыз Республикасында ишкердик иш адабий, көркөм жана илимий чыгармалар, артисттердин аткаруучулук иши; үн жазуу, радио жана телекөрсөтүүлөр; товардык белгилер, тейлөө белгилери, фирмалык аталыштар, коммерциялык аталыштардын укуктарын камтыган интеллектуалдык менчиктин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Интеллектуалдык менчик менен байланыштуу мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-6)
