# 4-берене. Ишкерлерге берилчү кепилдиктер жана алардын укуктарын коргоо

- Документ: [Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/397)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 1-февралындагы № 15 "Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 апреля 2015 года № 83 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав предпринимателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111126)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/397#diff=821581..821582>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-379/edition/821579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/397/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө, 4-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-4

---

Мамлекет ишкерлерге менчигинин түрлөрүнө карабастан, төмөнкүлөрдү кепилдикке алат:

- тең укуктуулук жана каржылык, эмгектик, табигый, маалыматтык жана интеллектуалдык ресурстарга бирдей укук жана мүмкүнчүлүк берүү;

- атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негиздеринде иштеп жаткан ишкердиктин субъекттеринин укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо.

Тиешелүү органдардын мыйзамда белгиленген негиздердин жана ыйгарым укуктарынын чектеринен тышкары учурларда, ишкерлердин иштерине мамлекеттин жана анын органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Мамлекет экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы ишкердикти колдоонун жана өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгууну жана аны жүзөгө ашырууну камсыздайт, инфраструктуралык жана институционалдык өзгөртүүлөрдү жүргүзөт, аларды ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук, экономикалык-уюштуруучулук ыңгайлуу шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган төлөмдөрдү белгилөөгө жана алууга тыюу салынат. (КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-5)
