# 3-берене. Ишкердиктин эркиндиги

- Документ: [Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/397)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 1-февралындагы № 15 "Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 апреля 2015 года № 83 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав предпринимателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111126)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/397#diff=821581..821582>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-379/edition/821579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/397/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө, 3-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-3

---

Ишкердиктин эркиндиги өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген чектерде иш чөйрөсүн эркин тандап алуу;

- иштин түрлөрүн жана аны жүзөгө ашыруунун программаларын эркин тандоо;

- ишкердик иш-аракетти жүргүзүү үчүн юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн жана каржылык каражаттарын ыктыярдуу негизде эркин тартуу;

- эмгек жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин сактоо менен кызматкерлерди эркин жалдоо;

- жалданып иштеген адамдардын эмгек акысын жана башка кирешелеринин формасын, тутумун жана өлчөмдөрүн өз алдынча, бирок Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу деңгээлден төмөн эмес белгилөө;

- бардык мамилелерде контрагентти эркин тандоо;

- ишти интеллектуалдык менчиктин негизинде өнүктүрүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, сунуш кылынган товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды эркин коюу;

- мамлекет тарабынан белгиленген негизги төлөмдөрдү төлөгөндөн, ошондой эле контрагенттердин алдындагы өзүнө алган милдеттенмелерди аткаргандан кийин калган накта кирешени тескөө эркиндиги;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердин өз алдынча тышкы экономикалык иш жүргүзүүсү, анын өзүнүн валюталык үлүшүнүн пайдасын өзү каалагандай пайдалануусу.

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-21)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-4)
