# 24-берене. Ишкердин жоопкерчилиги

- Документ: [Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/397)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 1-февралындагы № 15 "Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 апреля 2015 года № 83 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав предпринимателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111126)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/397#diff=821581..821582>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-379/edition/821579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/397/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө, 24-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-24

---

Ишкер сатып өткөргөн продукциялар (товар жана кызмат көрсөтүү) керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн толугу менен коопсуз болууга, шайкеш сертификат күтүүгө, ошондой эле сатылып жаткан товар менен кызмат көрсөтүүнүн керектөө өзгөчөлүгү жөнүндө толук жана так маалымат болууга тийиш. Керектөөчүлөр менен эсептешүүнү кассалык же товардык чекти керектөөчүгө милдеттүү түрдө берүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайык жүргүзүү керек. Ушундай талаптар бузулган учурда ишкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Сапатсыз товарларды (жумуш жана кызмат көрсөтүү) реализациялоодон улам чыккан ишкер менен керектөөчүнүн ортосундагы талаштар керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тиешелүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тикеден-тике байланышуу жана кайрылуу жолу менен, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдоруна (ассоциацияларга жана союздарга) же сот аркылуу каралат. (КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-25)
