# 22-берене. Мамлекеттик контролдоочу органдардыя жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

- Документ: [Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/397)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 1-февралындагы № 15 "Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2017 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам защиты предпринимательской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111609)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/397#diff=821582..821583>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-379/edition/821579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/397/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө, 22-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-22

---

Кызмат адамдарынын ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбоосу администрациялык жаза берүүдө укук бузуунун оордугуна байланыштуу болот же алардын күнөөсү сот тартибинде белгиленген учурдан тартып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда кандайдыр бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен жаза жоопкерчилигине алып келет. Мамлекеттик же башка органдардын өз компетенциясына, болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген, ишкердин укугун бузган актыны чыгаруусу соттук тартипте даттанылышы мүмкүн. Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет. Мамлекеттик контролдоочу жана башка органдардын же алардын кызмат адамдарынын ишкердин укутун бузган иштеринин, ошондой эле андай органдардын, болбосо алардын кызмат адамдарынын ишкерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттерин мыйзамга ылайык аткарбагандыктарынын натыйжасында келтирилген зыяндар ишкердин алынбай калган пайдасын кошо камтуу менен ал органдар жана кызмат адамдары тарабынан төлөнүп берилүүгө тийиш. (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-20)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-23)
