# 21-берене. Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери

- Документ: [Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/397)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 1-февралындагы № 15 "Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2008 года № 249 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав предпринимателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/202465)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/397#diff=821579..821580>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-379/edition/821579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/397/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө, 21-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-21

---

Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- ишкердиктик субъекттеринин ак ниеттүүлүк презумпциясы;

- Кыргыз Республикасынын милдеттүү талаптарды белгилөөчү мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, өксүктөрдү жана так эместиктерди мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердиктин субъекттерине каршы пайдаланышпайт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда ишкердик субъекттеринин иштерине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишпестиги, анын ичинде аларды токтотууга жол бербөө;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген төлөмдөрдү белгилөөлөрүнө жана алууларына жол бербөө;

- ишкердикке тийиштүү лицензияларды, уруксаттарды жана башка актыларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген документтерди белгилөө жана талап кылууга жол бербөө;

- ишкердикти жөнгө салуучу иштелип жаткан ченемдик укуктук актылар жөнүндө ишкердиктин субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү маалымдоо.

(КР 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-2)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-3)
