# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдалануучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/397)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 1-февралындагы № 15 "Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 января 2025 года № 4 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав предпринимателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020367)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.01.2025 [Закон КР от 11 января 2025 года № 4 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав предпринимателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020367); 16.04.2015 [Закон КР от 16 апреля 2015 года № 83 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав предпринимателей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111126)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/397#diff=4471..24576>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-379/edition/821579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/397/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө, 2-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-2

---

Ишкердик (ишкердик жүргүзүү) деген жеке жана юридикалык жактардын өз атынан өзүнүн менчик же карызга алган каражаттарынын эсебинен, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында киреше алуу үчүн жүргүзгөн демилгеси, өз алдынча экономикалык ишкердиги болуп эсептелет. Ишкердиктин субъекттери болуп мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана өзүнүн уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында пайда же жеке киреше табуу максатында мыйзамда тыюу салынбаган иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар эсептелет. (Үчүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Ишкердик субъекттери төмөнкүлөр болгон ишкердик жүргүзүү аялдар ишкердиги болуп саналат:

- ишкердикти жеке ишкер катары жүзөгө ашырган аял;

- акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) 51 пайыздан кем эмеси аялга (аялдарга) таандык болгон жана кызматкерлеринин штаттык санынын 51 пайыздан кем эмесин аялдар түзгөн, коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак.

(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83, 2025-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-1)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-21)
