# 17-берене. Ишкердикти каржылоо

- Документ: [Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/397)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 2001-жылдын 1-февралындагы № 15 "Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 67 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приватизации государственной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002375)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/397#diff=821584..4471>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-379/edition/821579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/397/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө, 17-берене (11.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-17

---

Ишкердиктин тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында чарбакер субъекттерди каржылык-кредиттик колдоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, адистештирилген тармактык мамлекеттик фонддордун каражаттарынын, эл аралык каржылык уюмдар жана донор өлкөлөр берүүчү кредиттердин эсебинен, ошондой эле ата мекендик жеке жана чет өлкөлүк капиталдарды жана башка булактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартуунун эсебинен жүргүзүлөт. Ишкердиктин субъекттерин жеңилдетилген каржылоонун шарттарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Ишкердикке каржы - кредиттик колдоо көрсөтүү республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиги менен эл аралык каржы уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылып, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору менен бир эле убакта жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилүүчү ишкердикке колдоо көрсөтүүнүн жана аны өнүктүрүүнүн программасынын негизинде жүргүзүлөт. Мында ишкердикти колдоону каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө мыйзамда өзүнчө сап менен бөлүнүп көрсөтүлөт. (КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/397/st-18)
