Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР О от 10 сентября 2011 года № 236 " О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-09-10.
КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2003-жылдын 15-январындагы ПЖ № 11
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоо тереңдеген сайын жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык маселелерди чечүү ишинде элдик бийликтин жергиликтүү органдарынын ролу жана мааниси тынымсыз өсүүдө. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айылдык, поселкалык жана шаардык органдары жергиликтүү жамааттардын жашоо турмушун тейлөө жана камсыз кылууну уюштуруу боюнча улам көп милдеттерди өз жоопкерчилигине алып жатышат. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын али чабал финансы-экономикалык базасы жана башкаруунун вертикаль боюнча ар кандай аймактык деңгээлдеринин ортосунда бюджеттик мамилелердин өркүндөтүлбөгөндүгү аларга өзүн-өзү финансылоо принцибине өтүүгө шарт түзбөй жатат. Ушунун айынан көп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз кызматкерлеринин эмгек акы деңгээлин жогорулатуу, аларды кызматтык автотранспорт, байланыш каражаттары, оргтехника жана башка материалдык-техникалык каражаттар жана жабдуулар менен камсыз кылуу маселесин өз алдынча чече албай жатышат, бул аларга өздөрүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарууга мүмкүндүк бербейт. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо жардам көрсөтүү жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен муниципалдык кызматкерлердин өз милдеттерин аткарышына кызыгуусун жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана аларды кызматтык автотранспорт жана оргтехника менен камсыз кылуу жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызматкери үчүн ардактуу наамды уюштуруу жөнүндө жана ар жылдын октябрь айынын соңку жекшембисинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын Күнүн өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн II Курултайынын сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:
- баштапкы деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кызматтык айлык акыларын 2003-жылдын 1-июлунан боюнча жогорулатуу боюнча сунушту иштеп чыксын жана киргизсин;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын муктаждыктары үчүн жергиликтүү кеңештердин уруксаты менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджетине келип түшкөн атайын каражаттарынын эсебинен кызматтык автотранспорт жана оргтехника сатып алуу маселесин карасын;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызматкери үчүн ардактуу наамды уюштуруу боюнча мыйзам долбоорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешине киргизсин;
- ар жылдын октябрь, айынын соңку жекшембисинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын Күнүн белгилөө жөнүндөгү маселени карасын.
3. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Постановление Правительства КР от 6 марта 2003 года № 107 "Об установлении Дня местны сообществ Кыргызской Республики"Постановление · 06.03.2003 · № 107
- КР Президентинин 2011-жылдын 10-сентябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.09.2011 · № 236
- Постановление Правительства КР от 25 июня 2003 года № 389 "Об источниках финансирования приобретения автотранспортных средств и оргтехники исполнительно-распорядительными…Постановление · 25.06.2003 · № 389 · Күчүн жоготкон