# КР Президентинин 2002-жылдын 31-декабрындагы ПУ № 398 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Указы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2002-жылдын 31-декабрындагы ПУ № 398 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 398
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/3912>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1628/edition/541219/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/3912.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2002-жылдын 31-декабрындагы ПУ № 398 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Указы (25.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/3912

---

КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ УКАЗЫ 2002-жылдын 31-декабры ПУ № 398 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. 2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгынын, 2006-жылдын 7-апрелиндеги ПЖ № 167 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин структурасын өркүндөтүү жана жетекчилигинин функциялык милдеттерин тартипке салуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-апрелиндеги ПЖ № 167 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июнудагы № 167 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин тиркемесиндеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мамлекеттик кызмат орундарынын тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

I главанын XX бөлүмүндө:

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу айрым мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчыларынын мамлекеттик кызмат орундарынын жогорку кызмат орундарында экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги - министрдин биринчи орун басары";

- үчүнчү абзац алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Группировканын командачысы";

- төртүнчү-он сегизинчи абзац тиешелүү түрдө бешинчи-он тогузунчу абзац деп эсептелсин.

3. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 5-декабрындагы ПЖ № 579 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын Президентинин м.а. 2005-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 273 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон)

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.

6. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
