# 6-статья. Мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо

- Документ: [Мугалимдин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/391)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 14-январындагы № 9 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 января 2013 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе учителя"](https://aqlex.ai/kg/doc/203810)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/391#diff=1276739..1276740>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-373/edition/1276733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/391/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мугалимдин статусу жөнүндө, 6-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-6

---

Кыргыз Республикасынын же башка өлкөнүн жараны катары, мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо кепилдикке алынат. Мугалимдин кесиптик ишмердигин инспекциялоо жана контролдоо тутуму анын эркин чыгармачылык демилгесине чектөө киргизбөөгө тийиш. Аттестациянын жүрүшүндө жана башка учурларда мугалимдин ишине баа берүү калыстык менен жүргүзүлүүгө жана мугалимдин өзүнө маалымдалууга тийиш. Мугалимдин ишин аттестациялоо, инспекциялоо жана контролдоо тартиби билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет. Мектепке чейинки билим берүүчү, жалпы билим берүүчү, мектептен тышкары билим берүүчү, атайын билим берүүчү уюмдардын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын мугалимдерин, алардын кесиптик ишине байланышпаган айыл чарба жана башка жумуштарга тартууга жол берилбейт. Окуучулардын ата-энелери, өзүнүн мүнөзү боюнча мугалимдин кесиптик милдетине кирген маселелерге жүйөсүз кийлигишүүгө укуксуз. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-7)
