# 19-статья. Ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана кызмат адамдарынын милдети жана жоопкерчилиги

- Документ: [Мугалимдин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/391)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 14-январындагы № 9 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-373/edition/1276733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/391/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мугалимдин статусу жөнүндө, 19-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-19

---

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар жана алардын бирикмелери, мекемелер, уюмдар, кызмат адамдары, билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин чегинде ушул Мыйзамды жүзөгө ашырууну камсыз кылат. Мугалимдердин укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча милдеттерин аткарбаган же чала аткарган кызмат адамдары жана башкалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Администрациялык башкаруу жагынан кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөтүлгөн органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери менен мугалимдерге келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук көлөмдө толтурулат.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-20)
