# 18-статья. Мугалим кадрларынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо

- Документ: [Мугалимдин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/391)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 14-январындагы № 9 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 января 2013 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе учителя"](https://aqlex.ai/kg/doc/203810)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/391#diff=1276739..1276740>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-373/edition/1276733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/391/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мугалимдин статусу жөнүндө, 18-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-18

---

Мамлекет мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарынын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын бардык типтеги мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө кепилдик берет. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу юридикалык жактар тарабынан жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Мамлекет мугалимдерге жана илимий-педагогикалык кызматкерлерге илимий-педагогикалык, окуу-усулдук, ойлоп табуучулук, эксперименталдык жана эксперттик иш үчүн чыгармачылык өргүү берүүнүн кепилдигин алат. Мугалимдердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын квалификация- сын жогорулатуунун мыйзамдарда жөнгө салынбаган тартиби, түрлөрү жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык) V Глава Корутунду жоболор

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-19)
