# 17-статья. Педагогикалык кадрларды даярдоо

- Документ: [Мугалимдин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/391)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 14-январындагы № 9 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 января 2013 года № 3 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе учителя"](https://aqlex.ai/kg/doc/203810)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/391#diff=1276739..1276740>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-373/edition/1276733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/391/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мугалимдин статусу жөнүндө, 17-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-17

---

Кыргыз Республикасында мугалим кадрларын кесиптик жагынан ар кыл типтеги, ар кандай түрдөгү жана менчиктин ар кандай формасындагы кесиптик педагогикалык орто жана жогорку окуу жайлары даярдайт. Кесиптик педагогикалык окуу жайы инсандын, мамлекеттин жана коомдун алдында өз иши үчүн жоопкерчилик тартат. Кесиптик педагогикалык окуу жайдын ишинин анын уставында каралган максаттарга ылайык келээрине контролдукту өз компетенциясынын чегинде педагогикалык окуу жайдын уюштуруучусу (уюштуруучулары) жана билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия берген билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат. Мамлекеттик кесиптик педагогикалык окуу жайларга педагогикалык адистиктер боюнча студенттерди кабыл алуу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен мамлекеттик заказдын чегинде адистерди даярдоого кабыл алуу планы боюнча сынактык негизде жүргүзүлөт. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 3 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-18)
