# 15-статья. Мугалимдин милдеттери

- Документ: [Мугалимдин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/391)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 14-январындагы № 9 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-373/edition/1276733/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/391/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мугалимдин статусу жөнүндө, 15-статья (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-15

---

Мугалим:

- окутууну жогорку кесиптик деңгээлде жүргүзүүгө, окуучулардын окуу программасын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинен кемитпей өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;

- окуу-тарбия ишин ата-энеге, улууларга, Кыргызстандын маданий-тарыхый байлыктарына, анын мамлекеттик түзүлүшүнө урмат көрсөтүү духунда жүргүзүүгө, айлана-чөйрөгө сарамжал мамилени тарбиялоого;

- жалпы адамзатка таандык моралдык принциптерге: ак ниеттүүлүккө, эмгекти сүйүүгө, гуманизмге, патриотизмге, чындыкка, адилеттикке жана башка жакшы касиеттерге урмат көрсөтүүнү бекемдөөгө;

- өзүнүн педагогдук билимин жана устаттыгын тынымсыз өркүндөтүүгө;

- окуучулардын ар намысын жана кадыр-баркын урматтоого;

- окуучуларды өз ара түшүнүшүү, тынчтык, элдердин ортосундагы ынтымак рухунда аң-сезимдүү турмушка даярдоого;

- окуучулардын жекече чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/391/st-16)
