Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Указ Президента КР «О межведомственной комиссии по стабилизации и упорядочению миграционных процессов в КР»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2002-жылдын 12-декабры № 372 Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 454 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Миграциялык процесстерди башкарууну координациялоо, Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын ишин өркүндөтүү, миграция саясатын калыптандыруу механизмин чыңдоо максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-майындагы "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" Указы менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кире тургандыгы белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана укук коргоо иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз-кызматынын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы;
- Бишкек шаарынын мэри;
- Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Жалалабат областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы губернатору;
- Ысыккөл областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Нарын областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Ош областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Талас областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Чүй областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселеси боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин директору;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүтүрүү, өнөржай жана соода министри;
- Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар министри;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орунбасары;
- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар Мамлекеттик агентствосунун директору.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 454 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобону иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-майындагы № 127 "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" Указында:
- 2-пункттагы "тиркемеге ылайык курамдагы" деген сөздөр алып салынсын;
- аталган Указга тиркеме күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-майындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-майындагы № 127 "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Указы күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Указ Президента КР от 20 мая 2000 года УП №127 " О дополнительных мерах по регулированию миграционных процессов в Кыргызской Республике"Указ · 20.05.2000 · № 127 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2004-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 454 "Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди турукташтыруу жана тартипке салуу боюнча Ведомстволор аралык комиссияны…Указ · 25.12.2004 · № 454 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-майынан "Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча кошумча…Указ · 07.05.2001 · № 158 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Указ Президента КР от 20 мая 2000 года УП №127 " О дополнительных мерах по регулированию миграционных процессов в Кыргызской Республике"Указ · 20.05.2000 · № 127 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-майынан "Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди жөнгө салуу боюнча кошумча…Указ · 07.05.2001 · № 158 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 3 апреля 2003 года №180 "Об утверждении Положения о межведомственной комиссии по стабилизации и упорядочению миграционных процессов в Кыргызской…Постановление · 03.04.2003 · № 180 · Күчүн жоготкон