# Указ Президента КР от 23 октября 2002 года № 288 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Президента Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Указ
- Номери: 288
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/3892>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1609/edition/493741/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/3892.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Указ Президента КР от 23 октября 2002 года № 288 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Президента Кыргызской Республики" (25.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/3892

---

ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ УКАЗ 2002-жылдын 23-октябры № 288 Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 31-октябрындагы № 300, 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Указдарынын редакцияларына ылайык) "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышына контролдукту жүзөгө ашыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 9-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасы жөнүндөгү" Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик кызматчылардын этикасынын маселеси боюнча Комиссия жер-жерлерде мамлекеттик органдардын этикасы боюнча комиссиялар жүзөгө ашырган мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы жөнүндөгү мыйзамдарды сактоону координациялоо жана контролдоо боюнча бирдиктүү орган болуп саналат.";

- жогоруда аталган Указ менен бекитилген мамлекеттик кызматчылардын этикасынын негиздери жөнүндөгү Жободо:

## III бөлүмдүн аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышына контролдук кылуучу органдар"; 9-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: "9. Этика боюнча комиссия ар бир мамлекеттик органда мамлекеттик кызматчылардын ичинен түзүлөт. Комиссия мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышына, мамлекеттик кызматчылардын этикалык нормаларды сакташына туруктуу контролдук жүргүзөт. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата жогоруда аталгандай контроль Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик кызматчылардын этикасынын маселеси боюнча Комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик кызматчылардын этикасынын маселеси боюнча Комиссиясы белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:

- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышына контролдук кылуу;

- мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышынын маселеси боюнча мамлекеттик органдардын ишин текшерүү;

- башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин текшерүү жүргүзүүгө тартуу;

- өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдар менен уюмдардан, кызмат адамдарынан суратуу жана алуу;

- мыйзамды бузуу менен кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына сунуш киргизүү;

- мамлекеттик органдардын этика боюнча комиссияларынан аткарылган иш жөнүндө ар кварталдык отчетту суратуу.";

- 10-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Комиссиянын төрагасы бир эле учурда мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышына контролдук жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдын жооптуу адамы болуп саналат.";

- 11-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"- мамлекеттик кызмат жана кесиптик этика жөнүндөгү мыйзамдарды мамлекеттик кызматчылардын сакташына контролдук жүргүзөт;

- мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамдардын сакталышынын маселеси боюнча мамлекеттик кызматчылардын ишин текшерет;

- өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды мамлекеттик органдар менен уюмдардан жана кызмат адамдарынан суратат жана алат;

- мыйзамды бузуу менен кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө мамлекеттик органдарга же кызмат адамдарына сунуш киргизет.";

- 12-пункттагы "жыл сайын" деген сөз "квартал сайын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.

4. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Президент Кыргызской Республики

А.Акаев
