# КР Президентинин жарлыгы 2002-жылдын 14-сентябры ПУ № 246 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио берүү корпорациясы жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Президентинин жарлыгы 2002-жылдын 14-сентябры ПУ № 246 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио берүү корпорациясы жөнүндө"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 246
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/3880>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1598/edition/287526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/3880.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин жарлыгы 2002-жылдын 14-сентябры ПУ № 246 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио берүү корпорациясы жөнүндө" (04.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/3880

---

КР Президентинин

2008-жылдын 4-сентябрындагы ПЖ № 317 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2002-жылдын 14-сентябры ПУ № 246

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио

берүү корпорациясы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио берүү корпорациясынын

өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттар тутумундагы маанилүү ролун эске

алып жана коомдук уктуруулар менен көрсөтүүлөрдүн милдеттерин мындан

ары да өнүктүрүү максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадио берүү корпорация-

сына "улуттук" статус берилсин жана мындан ары ал "Кыргыз Республикасы-

нын Улуттук телерадио берүү корпорациясы" деп аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын

Камкордук көрүүчү (байкоочу) кењеши тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын

Камкордук көрүүчү (байкоочу) кењеши жөнүндөгү тиркелген Жобо бекитил-

син.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 25-майындагы N

128 "Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик турмушунда жалпыга

маалымдоо каражаттарынын ролун жана маанисин жогорулатуу боюнча чаралар

жөнүндөгү" Указынын 1-3-пункттары күчүн жоготту деп табылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- өзүнүн чечимдерин ушул Указга ылайык келтирилсин;

- бул Указдан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин.

6. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасы-

нын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө

жүктөлсүн.

7. Бул Указ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2002-жылдын 14-сентябрындагы N 246

Указы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү

корпорациясынын Камкордук көрүүчү (байкоочу) кењешинин

КУРАМЫ

Шаршекеева Камила - Кыргызстандагы Америкалык университеттин

Дүйшөбаевна провосту, кењештин төрайымы;

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз

Ажыбекова Гүлсара - Республикасынын Кинематографисттер союзу-

Ажыбековна нун башкармасынын төрайымы;

Абдугафуров Абдыганы - драматург, Кыргыз Республикасынын искусс-

твосуна эмгек сињирген ишмер;

Актан Арым Кубат - кинорежиссер;

Асанканов Абылабек - И.Арабаев атындагы КГПУнуп ректору, тарых

Асанканович илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз

Республикасынын Улуттук илимдер академия-

сынын мүчө-корреспонденти;

Асаналиев Эрнис - музыкант, "Манас" камералык оркестринин

Умбарович көркөм жетекчиси - башкы дирижеру;

Жакиев Бексултан - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Ток-

Жакиевич тогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лау-

реаты, драматург;

Ибрагимов Тынай - "Кыргызфильм" киностудиясынын директору;

Кудайбергенович

Ибрагимова Гайша - Билим берүү мекемелеринин союзу ассоциа-

Жусупбековна циясынын төрайымы;

Иманалиев Каныбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Капашович Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, "Учкун"

акционердик коомунун президенти (макулда-

шуу боюнча);

Иманалиев Муратбек - Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйга-

Сансызбаевич рым укуктуу Элчиси;

Карабеков Кабай - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Жабаевич Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, коом-

дук бирикмелердин иштери жана маалымат

саясаты боюнча комитеттин төрагасы (ма-

кулдашуу боюнча);

Керезбеков Канат - юрист

Койчуманов Таалайбек - экономист, ООНдун долбоорунун улуттук

Жумашевич кењешчиси;

Мамбеталиев Кубан - Журналисттер ассоциациясынын башкармасы-

Ильясович нын төрагасы;

Миррахимов Мирсаид - Кыргыз Республикасынын Улуттук кардиоло-

Мирхамидович гиялык борборунун директору, Кыргыз Рес-

публикасынын Улуттук илимдер академиясы-

нын академиги;

Раимжанов Абдухалим - Кыргызстан калкы Ассамблеясынын төрагасы-

Раимжанович нын орун басары, Кыргыз Республикасынын

Саламаттык сактоо министрлигинин Кыргыз

илимий гематология борборунун директору,

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер

академиясынын мүчө-корреспонденти;

Сарбагышев Уран - Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССР

Отунчиевич Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, А.Малды-

баев атындагы кыргыз улуттук опера жана

балет театрынын көркөм жетекчиси;

Такао Эндо - Кыргыз Республикасындагы япон борборунун

жетекчиси;

Тойчиев Денис - Кыргыз Республикасынын жаштар парламенти-

Эркинович нин төрагасы;

Тойчубаев Төлөндү - Корпоративдик технология борборунун төра-

Азатбекович гасы, ООНдун Европа боюнча өнөр жай жана

соода боюнча экономикалык комиссиясынын

төрагасынын орун басары;

Турапов Керим - Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук фи-

Рысалиевич лармониясынын башкы директору, Токтогул

атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты,

"Руханият" эл аралык сыйлыгынын лауреаты;

Үмөталиева Токтайым - ӨЭУ жана НКО ассоциациясынын төрайымы,

Жумаковна "Айданек" балдар газетасынын редактору;

Черемушкина Александра - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек

Андреевна сињирген ишмер, телекөрсөтүүнүн ардагери.
