# 28-статья

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/386)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 11-январындагы № 4 "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"](https://aqlex.ai/kg/doc/112079)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2020 [Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"](https://aqlex.ai/kg/doc/112079); 25.07.2006 [Закон КР от 25 июля 2006 года № 129 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об управлении землями сельскохозяйственного назначения"](https://aqlex.ai/kg/doc/1938)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/386#diff=1024491..1024492>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/386/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-368/edition/1024476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/386/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө, 28-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/386/st-28

---

Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигиндеги айыл чарба багытындагы жер үлүштөрү жана участоктору мураска берилиши мүмкүн. Жер үлүштөрүнө жана участокторуна ээлик кылуу укугу өзүнө өткөндө, мураскор айыл чарба багытындагы жерлерди сатып алуучуга коюлуучу талаптарды канааттандырганда, аларды өзү каалагандай пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандары мурастоо боюнча жана мыйзам боюнча жер үлүштөрүнүн жана айыл чарба багытындагы жер участокторунун мураскорлору боло алышат. Эгерде жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы участоктун мураскору чет өлкөлүк адам болсо же жарандыгы жок адам болсо, ал жер үлүшүнө жана/же жер участогуна укук пайда болгон учурдан тартып бир жылдын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү. Эгерде жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы жер участогунун мураскору чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран болуп саналса, ал жер үлүшүнө жана/же участогуна укук келип чыккан учурдан тартып, он жылдын ичинде аларды Кыргыз Республикасынын жаранына ажыратып берүүгө милдеттүү. Мында мураска берилген жер үлүшүнүн жана/же айыл чарба багытындагы участоктун өлчөмү тиешелүү айыл башкармалыгындагы (айыл өкмөтүндөгү) жер-агрардык реформанын жүрүшүндө белгиленген жер үлүштөрүнүн орточо чарбалык өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес. (КР 2006-жылдын 25-июлундагы № 129, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/386/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/386/st-29)
