# 16-статья

- Документ: [Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/386)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 11-январындагы № 4 "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 августа 2020 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об управлении землями сельскохозяйственного назначения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112137)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.08.2020 [Закон КР от 14 августа 2020 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об управлении землями сельскохозяйственного назначения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112137); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об управлении землями сельскохозяйственного назначения")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111436)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/386#diff=1024492..1024493>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/386/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-368/edition/1024476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/386/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө, 16-статья (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/386/st-16

---

Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин менчик ээси 5 гектарга чейинки өлчөмдөгү жер участогун, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, майдалап бөлбөстөн, жер аянтынын бирдиктүү контуру менен гана ээликтен ажыратууга укуктуу. Менчик ээси тарабынан өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин өз алдынча участокторго бөлүүгө жана аларды ээликтен ажыратууга, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан ашкан өлчөмдөрдүн чектеринде гана жол берилет. Мында өз алдынча бөлүнүүчү участоктордун өлчөмдөрү, мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен транспорттук, энергетикалык) муктаждыктар үчүн алып коюу учурларын кошпогондо, 5 гектардан аз болушу мүмкүн эмес. (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 156, 2020-жылдын 14-августундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/386/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/386/st-17)
