# КР Өкмөтүнун 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берүү жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнун 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берүү жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 608
- Кабыл алынган күнү: 08.10.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/38297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-6846/edition/981418/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/38297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнун 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берүү жөнүндө " токтому (27.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/38297

---

Би

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2001-жылдын 8-октябры № 608

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук

маанидеги шаарларынын коммуналдык

менчиктерине өткөрүп берүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 19-январындагы № 35 токтомунун,

2002-жылдын 11-мартындагы № 129 токтомунун,

2002-жылдын 7-июнундагы № 363 токтомунун,

2002-жылдын 6-ноябрындагы № 741 токтомунун,

2003-жылдын 17-мартындагы № 135 токтомунун,

2003-жылдын 7-октябрындагы № 629 токтомунун,

2004-жылдын 20-майындагы № 371 токтомунун,

2004-жылдын 4-июнундагы № 421 токтомунун,

2004-жылдын 9-августундагы № 577 токтомунун,

2004-жылдын 17-августундагы № 622 токтомунун,

2004-жылдын 8-сентябрындагы № 672 токтомунун,

2005-жылдын 20-январындагы № 25 токтомунун,

2005-жылдын 17-июнундагы № 247 токтомунун,

2006-жылдын 16-майындагы № 354 токтомунун,

2006-жылдын 1-июнундагы № 401 токтомунун,

2007-жылдын 23-июлундагы №283 токтомунун,

2008-жылдын 2-сентябрындагы № 489, 2010-жылдын 30-мартындагы № 190, 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 302, 2011-жылдын 16-июнундагы № 322, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 42 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Тиркемелер токтомдун орусча редакциясында берилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы "Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун негиздери жөнүндө" Указын аткарууда областтык мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте облустук маанидеги Ош, Балыкчы, Талас, Кара-Кол, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Жалал-Абад, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмесин аныктоо боюнча зарыл иштерди жүргүзүшкөнүн белгилейт.

Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүгө социалдык чөйрөнүн, саламаттыкты сактоонун, турак жай-коммуналдык чарбанын объекттери, калктын турмуш-тиричилигин Камсыздоонун башка объекттери болуп бардыгы калдык наркы 2844678 миң сомдук 736 объект сунушталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын муниципалдык менчиктерине мэрияларга өткөрүп берүү жөнүндө Жобо;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы N 42 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 622, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы N 42 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Облустук маанидеги Ош, Балыкчы, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Жалал-Абад, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмеси бекитилсин.

Муниципалдык менчикке өткөрүп берилген социалдык чөйрөнүн объекттеринин профилин өзгөртүү зарылдыгы пайда болгон учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул маселени Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрлиги, мамлекеттик комитети, администрациялык ведомствосу, мамлекеттик комиссиясы менен макулдашууга тийиштиги белгиленсин.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана кеңештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, мамлекеттик комиссиялары менен бирдикте 2001-жылдын 1-декабрына чейин объекттерди Кыргыз Республикасынын областтык баш ийүүдөгү шаарларынын муниципалдык менчиктерине кабыл алуу-өткөрүүнү ишке ашырсын.

4. Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэриялары муниципалдык менчикке өткөрүп берилчү объекттердин сакталышын камсыздоо, алардын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү, облустук маанидеги шаарлардын калктарынын алар көрсөтүүчү кызматтарга муктаждыктарын канааттандыруу боюнча иштиктүү чараларды көрүшсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети объекттердин облустук маанидеги шаарлардын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берилишине жыл сайын мониторинг жүргүзсүн жана менчиктин муниципалдык формасындагы чарбакер субъекттердин эсебин жүргүзсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тиешелүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар менен бирдикте мурда кабыл алынган нормативдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.

7. Кыргыз Республикасынын Шаарлар ассоциациясынын аткаруучу директору Б.Ж.Асанакуновго Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларына муниципалдык менчикти түзүү маселесинде практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү сунушталсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик кызмат, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүмүнө тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри К.Бакиев
