Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмвтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 декабря 2023 года № 678 "О вопросах лицензирования отдельных видов деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-14.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2001-жылдын 30-августу № 499 "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмвтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 18-январындагы Мыйзамын, "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 12-июнундагы Мыйзамын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир айлык мөөнөттө "Аңчылык кармоо өнөр жайындагы жапайы жырткычтар жана канаттуулардын Тизмеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдашылган токтом долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги оюн-зоок жайларын түзүү жана кармоо, кумар оюндарын уюштуруу жагынан ишкердикти лицензиялоо боюнча лицензиар катары аныкталсын. Лицензияларды берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-июнундагы № 291 токтому менен жактырылган жана "Оюн-зоок жайларын түзүү жана кармоо, кумар оюндарын уюштурууга лицензия берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 29-июнундагы З № 424-II токтому менен бекитилген Оюн-зоок жайларын түзүү жана кармоо, кумар оюндарын уюштурууга лицензия берүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүлөт.";
- 7-11-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 8-12-пункттар деп эсептелсин.
2. "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтому менен бекитилген Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 21-главада:
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "6. Лицензия убактылуу болуп саналат жана эки жылдан кем эмес мөөнөткө берилет.";
- "Аудитордук иш-аракетти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү" деген 23-глава № 1 тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
- 24-главада:
4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "4. Кошумча лицензиялык талаптар:
а) татаалдыгы кандайдыр бир деңгээлдеги иштерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө жараша лицензиялоодо "Курулуш чөйрөсүндө аткарылуучу иштерди лицензиялоодо жоопкерчилик деңгээлин аныктоонун Эрежесине" ылайык (24-главага № 2 тиркеме) жоопкерчилик деңгээли белгиленет;
б) юридикалык жактарга лицензия алуу үчүн иштин жана жумуштун ар бир түрүнө тиешелүү квалификациялык сертификаты бар бирден кем эмес адистин болушу зарыл;
в) жеке адамдарга лицензия ал жеке өзү документалдуу түрдө ырасталган кесиптик мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык аткара ала турган же тийиштүү кесиптик иш-аракетке квалификациялуу сертификаты болуу менен алардын сапаттуу аткарылышын контролдой ала турган курулуш иштеринин түрүнө берилет;
г) адистерге карата квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги № 188 токтому менен бекитилген, "Курулуш тармактарынын адистерин квалификациялык сертификациялоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобого" ылайык белгиленген.
5. Лицензия берүү үчүн кошумча документтер:
- уюштуруу структурасы;
- жетекчилер менен адистердин, анын ичинде квалификациялык сертификаттары бар квалификациялык курамы;
- жумушчулар тууралуу маалымат саны, кесибинин аталышы жана разряды;
- техникалык база жөнүндө маалымат;
- сапатын контролдоочу жооптуу адамдар жөнүндө маалымат аты-жөнүн, кызматы;
- иштердин өндүрүш коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө маалымат;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү.";
"Курулуш чөйрөсүндө аткарылуучу иштерди лицензиялоодо жоопкерчилик деңгээлин аныктоонун Эрежесине" № 2 тиркеме менен № 2 тиркемеге ылайык толукталсын;
- 25-главада:
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "6. Квалификациялык экзамендер (аттестация) өткөрүлбөйт. Лицензиат билим берүү процессине түздөн түз байланыштуу (диплом, аттестат, сертификат) кызматкерлердин квалификациясын ырастоочу документтерди лицензиарга берет."; 9-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- менчик, чарба жүргүзүү же билим берүү процессин ишке ашыруу үчүн пайдаланылуучу жайларды оперативдүү башкаруу укутун ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү. Курстарды уюштуруу үчүн кеминде 5 жылдык мөөнөткө ижара келишими жетиштүү;";
- 27-глава № 3 тиркемеге ылайык баяндалсын;
- 36-главада:
10-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "10. Квалификациялык экзамендер (аттестация) өткөрүлбөйт. Лицензиат байланыш кызматын көрсөтүү процессине түздөн түз байланыштуу (диплом, аттестат, сертификат) кызматкерлердин квалификациясын ырастоочу документтерди лицензиарга берет."; "Электр жана почта байланышынын түрлөрү боюнча техникалык сунуштарга карата кошумча маселелер" деген тиркеменин 15-пунктунун он сегизинчи пунктчасы № 4 тиркемеге ылайык редакцияда толукталсын;
- "Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү (жеңил таксилерден тышкары) эл аралык жүктөрдү ташууга, аба, суу, темир жол транспорту менен ташууларга иш аракеттердин түрлөрүн (атайын, кызматтык жана технологиялык, ошондой эле тийиштүү лицензиясы бар иштердин түрлөрүн аткарууну кошпогондо), автовокзалдардын иш аракеттерин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү" деген 41-глава жана "Камсыздандыруу иш-аракеттерин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү" деген 42-глава № 5 жана № 6 тиркемеге ылайык редакцияда толукталсын.
3. "Ишкердиктин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна тиркеменин элүүнчү абзацы алып салынсын.
4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн акы төлөөнү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 2-апрелиндеги № 177 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Н.Танаевге тапшырылсын.
6. Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Положение о лицензировании отдельных видов предпринимательской деятельности (Утверждено Постановлением Правительства Кыргызской Республики от 31 мая 2001 года №260)Положение · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Положение о взаимодействии УГАИ МВД КР и КТИ МТиК КР по организации пассажирских перевозок автомобильным транспортом в Кыргызской Республике в соответствии нормативно-правовых…Положение · 21.02.2002 · № 73 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке проведения квалификационного экзамена у руководителей и специалистов субъектов предпринимательства отраслей автомобильного и водного транспорта, ответственных…Положение · 04.06.2003 · № 136 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 10 октября 2001 года № 618 "Об утверждении Перечня диких зверей и птиц охотничьего промысла и ловли"Постановление · 10.10.2001 · № 618 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 2 апреля 1998 года №177 "О введении платы за лицензии, выдаваемые Национальным банком Кыргызской Республики"Постановление · 02.04.1998 · № 177 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын АбаКодекс · 06.08.2015 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- Постановление Правительства КР от 28 сентября 1995 года №402 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 1 сентября 1994 года N 655…Постановление · 28.09.1995 · № 402
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2001 · № 260 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 3 апреля 1997 года № 188 "Об утверждении Положения о порядке проведения государственной квалификационной сертификации специалистов строительной…Постановление · 03.04.1997 · № 188 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 июня 2001 года №291 " Об одобрении Положения о порядке выдачи лицензии на создание и содержание игорных заведений, организацию азартных игр"Постановление · 25.06.2001 · № 291 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 2 апреля 1998 года №177 "О введении платы за лицензии, выдаваемые Национальным банком Кыргызской Республики"Постановление · 02.04.1998 · № 177 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке проведения государственной квалификационной сертификации специалистов строительной отрасли (утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 3…Положение · 03.04.1997 · № 188 · Күчүн жоготкон
- О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О лицензированииЗакон · 14.02.1998 · № 13 · Күчүн жоготкон