# Постановление Правительства КР от 28 августа 2001 года №496 "Об утверждении Положения о порядке выплаты единовременных пособий и компенсаций в случае увечья, инвалидности или гибели (смерти) сотрудников органов национальной безопасности Кыргызской Республики в связи с осуществлением ими служебной деятельности"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 496
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/38189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-6754/edition/1192495/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/38189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 28 августа 2001 года №496 "Об утверждении Положения о порядке выплаты единовременных пособий и компенсаций в случае увечья, инвалидности или гибели (смерти) сотрудников органов национальной безопасности Кыргызской Республики в связи с осуществлением ими служебной деятельности" (26.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/38189

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 588 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Окмот уйу 2001-жылдын 28-августу N 496

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОКМОТУ ТОКТОМ

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат милдетин аткарууга байланыштуу мунжу, майып же каза тапкан (өлгөн)учурда бир жолку пособиени жана компесацияларды төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери кызмат

милдетин аткарууга байланыштуу мунжу, майып же каза тапкан (өлгөн) учурда бир жолку пособиени жана компенсацияларды төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын бир жолку пособиелерди жана компенсацияларды толук төлөп берүү боюнча чыгымдарды каржылоону камсыз кылсын.

3. Бул токтом 2002-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр К.Бакиев
