Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун Гарантиялык (кепилдик) фонду жөнүндө ЖОБО»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 18 октября 2019 года № 556 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики в сфере регистрации прав на недвижимое имущество"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-10-18.
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 556 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-августундагы № 409 токтому менен бекитилген
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кепилдик фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 394 2014-жылдын 12-августу №464 токтомунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Гарантиялык фонду (мындан ары - Фонд) "Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-апрелиндеги № 183 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө жобого ылайык, жеке адамдар же юридикалык жактарга жергиликтүү мамлекеттик каттоо органы келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн түзүлөт.
2. Гарантиялык фондду түзүү
2.1. Кепилдик фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- жергиликтүү мамлекеттик каттоо органдары көрсөткөн кызматтан жана саткан продукциядан алынган бөлүштүрүлбөгөн пайданын (сарптоолорду эсептен чыгаруудан кийин калган суммадан) суммасынын 3% өлчөмүндөгү чегерүүлөр;
- мекемелерден, уюмдардан, ишканалардан, жеке адамдардан жана башка булактардан келип түшүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы болбогон ыктыярдуу взностор.
2.2. Кепилдик фонддун каражаттары кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыначылык системасында ачылган атайын эсепке топтолот.
2.3. Жергиликтүү каттоо органдары тарабынан Кепилдик фондго каражаттарды которуу ай сайын кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) атайын эсебине отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбей жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-августу №464 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Зыяндын ордун толтуруу
3.1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдүн натыйжасында жеке адамдарга жана юридикалык жактарга келтирилген зыяндын ордун толтурат:
- каттоо органы тарабынан каттоо карточкасындагы жана/же расмий документтеги маалыматты жанылыш берүүдө;
- каттоо органы берген расмий каттоо документинде так эместиктер, каталар болгондо;
- каттоо органдарынын кызматкерлери өз милдеттерин аткарууда кызмат абалынан пайдаланып кылмыш жасаганда;
- жеке адамдарга жана юридикалык жактарга зыян келтирүүчү башка факторлор аныкталганда.
3.2. Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ушул Жобонун 3.1-пунктчасына ылайык каттоо органдарына койгон дооматтарын Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу карайт. Кароо мөөнөтү 10 күн.
4. Зыяндын өлчөмүн аныктоо
4.1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дооматтарды тааныган же кабыл алган учурда зыяндын өлчөмү үчтөн кем эмес адистерден турган эксперттер тобунун баалоосунун
жыйынтыктары боюнча аныкталат. Мында, эксперттик тошун курамына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунан бир эксперт;
- арыздануучу тараптан бир эксперт;
- тараптардын макулдашуусу боюнча бир эксперт.
4.2. Келтирилген зыянды баалоо отуз күндүк мөөнөттө ишке ашырылат.
Жеке адамдар жана юридикалык жактар келтирген зыяндардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
4.3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабындагы экспертке кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, арыздануучунун экспертине арыздануучу өзү акы төлөйт. Үчүнчү экспертке акыны эки тарап тең бөлүп төлөйт.
4.4. Эксперттик топтун чечимине макул болбогон учурда, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган зыяндын ордун толтурбаганда же кечиктирип толтурганда жеке адамдар же юридикалык жактар тиешелүү сот органдарына кайрылууга укуктуу.
5. Гарантиялык фонддун каражаттарын пайдалануу
5.1. Кепилдик фонддун каражаттары эксперттик топтун корутундусунун же тиешелүү соттун чечиминин негизинде жеке адамдарга жана юридикалык жактарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн пайдаланылат.
5.2. Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу эксперттик топ же сот чечим кабыл алган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбей жүргүзүлөт.
5.3. Ушул Жобо менен аныкталбаган зыяндын ордун толтуруу маселелери боюнча башка бардык аракеттер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-августу №464 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Гарантиялык фонддун эсебин алуу тартиби жана отчеттуулук
6.1.Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кепилдик фонддо топтолуучу каражаттардын түшүү жана бөлүштүрүү эсебин жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгына алардын пайдаланылышы жөнүндө белгиленген тартипте отчет берет.
6.2. Кепилдик фонддун каражаттарынын жыл аягындагы калдыгы алынбайт. Кепилдик фонддун каражаттарынын калдыгы ушул Жободо каралган максаттарга жана тартиптерге ылайык кийинки жылдары сарпталат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-августу №464 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (6)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 18.10.2019 · № 556
- КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-августундагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун Гарантиялык фонду…Постановление · 04.08.2001 · № 409 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 апреля 2001 года №183 "О Государственном агентстве по регистрации прав на недвижимое имущество при Правительстве Кыргызской Республики"Постановление · 19.04.2001 · № 183 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- ТИПОВОЕ ПОЛОЖЕНИЕ о районных (городских) управлениях по землеустройству и регистрации прав на недвижимое имущество (утверждено постановлением Правительства КР от 7 февраля 2000…Положение · 07.02.2000 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-майындагы № 275 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 7-февралындагы № 67 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге жайгаштыруу боюнча…Постановление · 23.05.2014 · № 275 · Күчүн жоготкон