# 8-статья. Чарба жүргүзүүчү субъектинин кызматкерлеринин коммерциялык сырды сактоо боюнча милдеттенмелери

- Документ: [Коммерциялык сыр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/38)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мартындагы № 27 "Коммерциялык сыр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 30.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-27/edition/900258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/38/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык сыр жөнүндө, 8-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-8

---

1. Чарба жүргүзүүчү субъектинин коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүгү бар кызматкерлери:

а) иште өзүнө билинген коммерциялык сырды сактоого жана коммерциялык сырды түзгөн маалыматтар ага мурда белгилүү болбогон же болбосо ал тарабынан анын жашырындуулугун сактоо жөнүндө милдеттенмесиз үчүнчү жактан алынган шартта иш боюнча өзүнө белгилүү болгон сырды белгиленген тартипте берилген уруксатсыз билдирбөөгө;

б) коммерциялык сырды сактоо боюнча нускамалардын, жоболордун, буйруктардын талаптарын аткарууга;

в) бөтөн адамдар тарабынан коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды алардан алууга аракет жасалган учурда, ушул тууралу тиешелүү кызмат адамына же чарба жүргүзүүчү субъектинин тиешелүү бөлүмчөсүнө токтоосуз билдирүүгө;

г) ишкердик мамилелерде болгон чарба жүргүзүүчү субъектилердин коммерциялык сырын сактоого;

д) өзү билген коммерциялык сырды чарба жүргүзүүчү субъектиге зыян келтириши мүмкүн болгон атаандаштык аракет катары иш жүргүзүү үчүн пайдаланбоого;

е) иштен бошонгон учурда коммерциялык сырды түзгөн, өзүнүн карамагында болгон бардык маалымат алып жүрүүчүлөрдү (кол жазмалар, сомололор, документтер, чиймелер, магниттик тасмалар, перфокарталар, перфотасмалар, дисктер, дискеттер, принтерге басылган кагаздар, кино, фото тасмалар, моделдер, материалдар жана башкалар) чарба жүргүзүүчү субъектинин тиешелүү кызмат адамына же тиешелүү бөлүмчөгө өткөрүп берүүгө милдеттүү.

2. Милдеттенмелердин маалыматтары эмгек же башка келишим түзүүдө же болбосо аны аткаруу процессинде кат жүзүндө берилет.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-9)
