# 7-статья. Коммерциялык сырды сактоонун тартибин аныктоонун механизми

- Документ: [Коммерциялык сыр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/38)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мартындагы № 27 "Коммерциялык сыр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 30.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-27/edition/900258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/38/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык сыр жөнүндө, 7-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-7

---

Коммерциялык сырдын субъектилери тарабынан коммерциялык сырды сактоону камсыз кылуу боюнча нускамалар, жоболор иштелип чыгат, аларда:

а) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын курамы жана көлөмү;

б) "Ишкананын сыры" деген грифти маалыматтарга, жумуштарга жана буюмдарга ыйгаруунун жана аны алып салуунун тартиби;

в) чарба жүргүзүүчү субъектинин кызматкерлерине, ошондой эле анын ишине тартылган адамдарга коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берүүнүн жол-жобосу;

г) маалыматтары коммерциялык сырды түзгөн документтерди жана башка маалымат алып жүрүүчүлөрдү, буюмдарды пайдалануунун, эсепке алуунун, сактоонун жана эн салуунун тартиби;

д) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануунун тартибине контролдукту уюштуруу;

е) кандайдыр бир биргелешкен аракеттерди жүргүзүү жөнүндө келишимдерди түзүүдө коммерциялык сырды сактоо бонча чарба жүргүзүүчү субъектилердин өз ара милдеттенмелерди кабыл алышынын жол-жобосу;

ж) коммерциялык сырды билдирип койгон кызматкерлерге мыйзамдарда каралган дисциплинардык, материалдык таасир тийгизүүнүн чараларын колдонуунун тартиби;

з) коммерциялык сырды сактоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликти чарба жүргүзүүчү субъектинин кызмат адамына жүктөө аныкталат.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-8)
