# 6-статья. Коммерциялык сырдын субъектилеринин компетенциясы жана жоопкерчилиги

- Документ: [Коммерциялык сыр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/38)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мартындагы № 27 "Коммерциялык сыр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 30.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-27/edition/900258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/38/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык сыр жөнүндө, 6-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-6

---

1. Ушул Мыйзамга ылайык коммерциялык сырды сактоонун тартиби ишкер субъекти же ал тарабынан дайындалган жетекчи тарабынан аныкталат, ал коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүгү болгон кызматкерлерге бул тууралу түшүнүк берет.

2. Ишкер субъекти же ал тарабынан дайындалган жетекчи белгилеген коммерциялык сырды сактоонун тартиби чарба жүргүзүүчү субъектинин кызматкерлери жана башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан бузулганда алар мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

3. Ишкер субъекти коммерциялык сырдын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

4. Мамлекет ишкер субъектинин коммерциялык сырынын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды түзүүдө көмөк көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-7)
