# 5-статья. Коммерциялык сырдын объектилери

- Документ: [Коммерциялык сыр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/38)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мартындагы № 27 "Коммерциялык сыр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 30.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2025 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.01.2025 [Закон КР от 27 января 2025 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237); 31.07.2007 [Закон КР от 31 июля 2007 года № 125 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О коммерческой тайне"](https://aqlex.ai/kg/doc/202158)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/38#diff=900261..26270>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-27/edition/900258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/38/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык сыр жөнүндө, 5-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-5

---

1. Чарба жүргүзүүчү субъектинин атайылап жашырылган экономикалык таламдары жана анын ишинин ар кандай жактары жана өндүрүштүк-чарбалык, башкаруу, илимий-техникалык, каржылык чөйрөлөрү жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын объектилери болуп эсептелет, аларды коргоо атаандаштыктын таламдары жана чарба жүргүзүүчү субъектинин экономикалык коопсуздугуна болгон коркунуч менен шартталган.

2. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын мазмуну жана көлөмү ишкер субъектилер тарабынан аныкталат.

3. Коммерциялык сырдын объекттерине төмөнкүлөр кирбейт:

а) уюштуруу документтери, ошондой эле ишкердик ишке жана лицензиялоого тийиш болгон чарбалык иштин айрым түрлөрүнө укук берүүчү документтер (устав, ишкананы түзүү жөнүндө чечим же уюштуруучулардын келишими, каттоо күбөлүгү, лицензия, патент);

б) статистикалык отчеттун, ошондой эле финансылык-экономикалык отчеттун бекитилген формалары боюнча маалыматтар жана салыктарды, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү эсептөөнү жана төлөөнү текшерүү үчүн башка маалыматтар;

в) салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө жөнүндө документтер;

г) төлөө жөндөмдүүлүгүн күбөлөндүрүүчү документтер;

д) кызматкерлердин саны, курамы, уюмдун жетекчисинин жана уюмдун коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн эмгек акысы, эмгек акы тутуму, эмгек шарттары жөнүндө, анын ичинде эмгекти коргоо, өндүрүштүк жаракаттардын жана кесиптик оорулардын көрсөткүчтөрү, бош жумуш орундарынын бар экендиги жөнүндө маалыматтар;

е) айлана-чөйрөнүн булганышы, монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу, эмгекти коргоо эрежелеринин сакталбашы, керектөөчүлөрдүн ден соолугуна зыян келтирүүчү продукциялардын сатылышы, ошондой эле башка мыйзам бузуулар жана мында келтирилген зыяндардын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар;

ж) мамлекеттик ишканалардын кызмат адамдарынын ишкердик иш менен алектенген уюмдарга катышуусу жөнүндө маалыматтар;

з) "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда берилүүгө тийиш маалымат.

(КР 2007-жылдын 31-июлундагы № 125, 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-6)
