# 13-статья. Коммерциялык сыр менен сотто, арбитражда таанышуунун чектери

- Документ: [Коммерциялык сыр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/38)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мартындагы № 27 "Коммерциялык сыр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 30.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-27/edition/900258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/38/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык сыр жөнүндө, 13-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-13

---

1. Ар кандай талаштарды соттук териштирүүнүн жүрүшүндө соттун, арбитраждын жана үчүнчү жактардын коммерциялык сырды түзгөн объектилеринин чарба жүргүзүүчү субъект, доогер же жоопкер катары чыккан талаштын маңызына түздөн-түз тиешелүү болгон бөлүгү менен таанышуусуна жол берилет.

2. Соттун жана арбитраждын бухгалтердик китептерге жана башка коммерциялык документтерге чектелбеген мүмкүнчүлүк алышына төмөндөгү учурларда:

а) чарба жүргүзүүчү субъектилердин банкрот болушу жана жоюлушу жөнүндө иш козголгондо;

б) жубайлардын жалпы мүлкүн мурастоо же бөлүштүрүү укугу боюнча талаштар болгондо;

в) чарба жүргүзүүчү субъектилерди уюштуруучулардын өздөрүнүн ортосунда талаштар болгондо уруксат берилет.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-14)
