# 12-статья. Коммерциялык сырды алууга мүмкүнчүлүгү бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын милдеттери

- Документ: [Коммерциялык сыр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/38)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мартындагы № 27 "Коммерциялык сыр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 30.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2018 [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821); 26.06.2009 [Закон КР от 26 июня 2009 года № 192 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О коммерческой тайне"](https://aqlex.ai/kg/doc/203164)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/38#diff=900261..26270>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-27/edition/900258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/38/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык сыр жөнүндө, 12-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-12

---

1. Коммерциялык сырды алууга мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын кызмат адамдарын кошуп алганда, ошондой эле финансылык чалгындоо органынын, жеке жана юридикалык жактар аны билдирбөө жөнүндө талаптарды бекем сактоого жана атаандаш чарба жүргүзүүчү субъектилерге маалыматтын билинип калышына жол бербөөгө милдеттүү.

2. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды башка жактарга берүү чарба жүргүзүүчү субъектинин жетекчисинин чечими же макулдугу боюнча акысыз же акы алуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде макулдашууда же террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, коммерциялык сырды түзгөн маалымат берилген адам аны үчүнчү жактарга билдирүү укугусуз пайдалана алат.

(КР 2009-жылдын 26-июнундагы N 192, 2018-жылдын 6-августундагы N 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-13)
