# 11-статья. Коммерциялык сырды алууга мүмкүнчүлүк

- Документ: [Коммерциялык сыр жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/38)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 30-мартындагы № 27 "Коммерциялык сыр жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 30.03.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 сентября 2025 года № 204 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031786)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.09.2025 [Закон КР от 22 сентября 2025 года № 204 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам деятельности Акыйкатчы (Омбудсмена) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031786); 06.08.2018 [ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111821); 26.06.2009 [Закон КР от 26 июня 2009 года № 192 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О коммерческой тайне"](https://aqlex.ai/kg/doc/203164)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/38#diff=26270..37775>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-27/edition/900258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/38/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коммерциялык сыр жөнүндө, 11-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-11

---

1. Ишкердик жүргүзүүчү субъекти тарабынан аныкталган кызматкерлердин чөйрөсү коммерциялык сырга мүмкүнчүлүк алышат.

2. Мамлекеттик контролдоочу жана укук коргоо органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары аларга мыйзамдар тарабынан берилген контролдук жүргүзүү жана көзөмөлдүк кылуу боюнча ыйгарым укуктарга ылайык өз компетенцияларынын чектеринде кат жүзүндөгү сунуш талаптын негизинде коммерциялык сыр болуп эсептелген маалыматтар менен таанышууга укуктуу.

Финансылык чалгындоо органына коммерциялык сырга жеткиликтүүлүк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.

3. Коммерциялык сыр болуп эсептелеген маалыматтарды камтыган документтерди алуу прокурордун же анын орун басарынын санкциясы менен гана жана тиешелүү мекеменин жетекчиси менен макулдашылган тартипте жүргүзүлөт. Документтерди алуу тергөөчүнүн жүйөлүү токтому боюнча жүргүзүлөт.

4. Ушул органдардын кызмат адамдары чарба жүргүзүүчү субъектинин коммерциялык сырын түзгөн маалыматтарды билдирип койгондугу үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке тартылышат.

(КР 2009-жылдын 26-июнундагы N 192, 2018-жылдын 6-августундагы N 88, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/38/st-12)
